Бугу 04, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Балыкчыда алтын жалатылган жезди алтын деп саткан чет элдик жаран кармалды

26.03.2024 13:34
352
Балыкчыда алтын жалатылган жезди алтын деп саткан чет элдик жаран кармалды


Өзбекстандын жараны алтын жалатылган жезди алтын зер буюмдары деп сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2023-жылдын октябрь айында Балыкчы РИИБге 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал өз арызында шаардык "Кербен" базарында азиат улутундагы аял 130 миң сомдук бир нече алтын буюмдарды сунуштаганын айткан. Аялга 62 миң төлөп, калган сумманы алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Базарга кайтып келгенден кийин ал аял белгисиз тарапка кетип калганын байкап, текшерткенде алтын буюмдар алтын жалатылган жез болуп чыккан.


Аталган факт Балыкчы РИИБнин бирдиктүу реестрине катталган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.


Тергөөчүлөр аялдын өздүгүн аныкташкан. Ал Кыргызстандан чыгып кетүүгө үлгүргөн Өзбекстандын 45 жаштагы жараны К.С. болгон. Ал мамлекеттер аралык издөөгө алынган.


Жакында эле шектүү Россиянын Оренбург облусунан кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилген.


Учурда шаардык сот тарабынан кармалган адамга карата тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн