Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Баңгизаттарды саткандарды калкалап жүргөн ИИМдин отставкадагы полковниги кармалды

23.03.2022 10:44
369
Баңгизаттарды саткандарды калкалап жүргөн ИИМдин отставкадагы полковниги кармалды

Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн КР ИИМдин мурдагы кызматкери кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам, мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргыз Республикасынын жараны О.А.Ы. кармалды.


Ошондой эле, алардын колдоочусу катары КР жараны, милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда баңгизаты табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.


Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн