Бугу 04, 2024
Убакыт: 06:13
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Барымтага алынган аялды куткарган милиционер Эркин Жаанбаев каза болду

29.06.2020 10:54
1062
Барымтага алынган аялды куткарган милиционер Эркин Жаанбаев каза болду


Милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев каза болду. Буга чейин ал Бишкек шаарында жарандык никедеги жолдошу барымтага алган аялды бошотууга аракет кылган. Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Улан Жумаков социалдык тармактагы баракчасына жазды. 


"Эркин Жаанбаев каза болду. Ал барымтага алынган аялды куткарган жүрөгү тоо милиционер эле", - деп жазган. 


Болжолдуу маалыматка караганда Жаанбаев инсульттан улам каза тапкан. 


Буга чейин Бишкек шаарында аялды барымтага алып, аны бычактайм деп коркуткан адам кармалганы маалымдалган. Кийин аял алган жаратынан улам ооруканада каза болуп калган. 


"Милицияга Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз адам бычакка окшош буюм менен коркутуп жатканын билдиришкен. Чакыруу түшкөн жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу, ошондой эле Биринчи май РИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев барган. Ал аталган адам менен сүйлөшүү жүргүзүп, шектүү андан кийин колго түшкөн. Ал 1984-жылы туулган С.К. экени аныкталып, Биринчи май РИИБге жеткирилген. Анын сүйүктүүсүн барымтага алышына кызганыч себеп болгон», - деп айтылган милициянын маалыматында. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн