Тогуздун айы 14, 2025
Убакыт: 03:27
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

Кызганыч кылмышка түрттү: Бишкекте аялды барымтага алган адам кармалды (видео)

18.06.2020 09:35
1418
Кызганыч кылмышка түрттү: Бишкекте аялды барымтага алган адам кармалды (видео)


Бишкек шаарында аялды барымтага алып, аны бычактайм деп коркуткан адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, окуя 17-июнда саат  19:00 чамасында болгон. 


"Милицияга билдирүү саат 19:50дө түшкөн.  Алар Дэн Сяопин көчөсүндө белгисиз адам бычакка окшош буюм менен коркутуп жатканын билдиришкен. Чакыруу түшкөн жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, ыкчам тергөө тобу, ошондой эле Биринчи май РИИБдин №5 милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев барган. Ал аталган адам менен сүйлөшүү жүргүзүп, шектүү андан кийин колго түшкөн. Ал 1984-жылы туулган С.К. экени аныкталып, Биринчи май РИИБге жеткирилген. Анын сүйүктүүсүн барымтага алышына кызганыч себеп болгон», - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн