Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

“Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитардык өлкөгө айлантпайт”

18.11.2020 16:25
783
“Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитардык өлкөгө айлантпайт”


Баш мыйзамдын жаңы долбоору Кыргызстанды авторитардык өлкөгө айлантары тууралуу кооптонгон ойлорго толук кошула албайм. Андай пикирлер бар. Бирок мен аларга толук кошула албайм. Себеби парламенттин да өзүнүн ыйгарым укуктары сакталган. Президент сунуш кылган өкмөттүн курамы, Эсеп палатасы, сот, Улуттук банк, башкы прокурор боюнча парламенттин ыйгарым укуктары сакталган.


Албетте, президенттин укуктары азыркы Конституцияга салыштырганда кеңейтилген. Буга эмне себеп? Себеби он жыл аралыгында парламенттик-президенттик башкаруу системасында жашадык, коалициядан өкмөттөр түзүлүп, урап жатты. Канча деген өкмөт башчы алмашты. А жоопкерчиликти алган бир да коалиция, фракция же бир тарап болгон жок. Бул жерде жоопкерчиликти чарбадан баштап экономикалык жана социалдык саясат, эл аралык мамиле, чек ара жана башканын баарын президент алуу мүмкүнчүлүгү да, милдети да жүктөлүп жатат.


Мирлан Бакиров, ЖК депутаты

Булак: “Азаттык” үналгысы

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Бул киши кайсы бийлик болсо колтуктагып кете берет.Кечее добуш сатып алып мыйзам бузгандардан.Ел качан кутулат ушулардан