Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 01:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башка бирөөнү темир жолдон куткарып, эки бутунан ажыраган бала жардамга муктаж

04.01.2021 11:57
596
Башка бирөөнү темир жолдон куткарып, эки бутунан ажыраган бала жардамга муктаж


Жаңы жылдын алдында Тилек Жумабеков темир жолдо адамды куткарып, жыйынтыгында поезд алдында калып, эки бутунан ажыраган.

Жумабековдун тууганынын айтымында, ал Бишкектеги №4 шаардык клиникалык ооруканада дарыланууда.

"Учурда Тилек өзүнө келе элек. Дарыгерлер ага жетиштүү кан куюлса, жашап кетүүсүнө 20% кепилдик берүүдө", - дейт Жумабековдун тууганы.

Ошол эле учурда жабырлануучунун үй-бүлөсү оор каржылык абалда экендиги жана дары-дармектин чыгымдарын жана алдыдагы операцияны көтөрө албай жатканы маалымдалды.

ИИМден  билдиришкендей, Кемин районунда 31-декабрда саат 23:45тер чамасында 25 жаштагы жигит поезд алдында калган. Окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.

Тилек Жумабековдун үй-бүлөсү кыргызстандыктардан кан тапшырууну жана каржылык жактан жардам берүүнү суранат.

Телефон номери: 0709 200772.

Реквизиттер:

Optima bank: 6233 6014 9081 6742;

Элсом: 0504 410014;

Сбербанк: 4276 3801 1886 9382.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Анара
Мен кан берейин. Группасы канча экен