Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Башка мекемелер ИИМден үлгү алабы?

06.11.2020 09:53
556
Башка мекемелер ИИМден үлгү алабы?


5-ноябрда менин “МАИчилер Садыр Жапаровдун саясатына каршыбы?” деген макалам жарыяланып, коомчулукта кызуу талкууланган эле. Анда МАИ кызматкерлеринин кайра эле көчөдө туруп алып элди тосуп, карапайым калкты шорлотуп жатканы баяндалган. Жеке өзүм жумуштан үйгө чейин 3 жерде “ала таякчандардын” күн сайын турганын көрүп жазгам. Биздин сайтка бул макала жарыялангандан кийин окурмандардын көпчүлүгү колдоого алды.


Жаңы бийлик келгенде ИИМдин жетекчилиги алмашкан. Улан Ниязбеков деген жигит министр болгон. Аны айрым кесиптештерибиз “таза эмес кадр” деп да сындаган. Бирок, жеке мен өзүм ИИМдин азыркы жетекчилеринин маалымат каражаттарына чыккан материалдарга тездик менен реакция кылып, кемчиликтерди өз убагына жоё турганына көзүм жетти. Алардын маалымат кызматы атайын билдирүү жасады. Орун бердик.


Кечээ, 5-ноябрда жумуштан кайтканда жылбай тоскон 3 жердеги МАИнын “посттору” жоголгонун байкадым. Бул да болсо жакшы көрүнүш. Башка мекемелер үлгү алса болот. Мүмкүн орто звенодогу жетекчилер ушундай жол менен акча иштеп жаткандыр. Аны жетекчилик териштирип алар. Эгер биздин окурмандар Бишкектин башка райондорунда ушундай жагдай болуп жатса, аны чагылдырууга даярбыз.


Айтайын дегенибиз, ИИМ карагандын түбүнө жашынып алып, ары-бери өткөн унааларды тоскон эски көрүнүштү кан буугандай токтотушу керек. “Коопсуз шаар” долбоорун бүтүндөй өлкөгө жайылтууга салым кошуп, кызмат көрсөтүүлөрдү заманбапташтырса. Олуттуу себеп болгондо гана жүрүп бараткан унааларды токтотсо болот. Ал эми ар кандай рейд деген шылтоолор менен көчөдө тура берсе, коррупция эч качан токтобойт. 


Канатбек Аскаров


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн