Бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Бул тууралуу "Спутник Кыргызстан" кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал бүгүн саат 17:30га күбө катар Башкы прокуратурага чакырылган.
Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Башкы прокуратурада коррупция күчөгөнүн жана орган "монстрга" айланганын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн