Бештин айы 03, 2024
Убакыт: 23:37
USD
86.65
87.15
EUR
90.70
91.70
RUB
0.810
0.870

Башкы прокурор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү менен жолукту

12.11.2024 10:23
543
Башкы прокурор БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук башкармалыгынын өкүлү менен жолукту


Башкы прокурор Максат Асаналиев БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Афганистан, Борбор Азия, Иран жана Пакистан боюнча аймактык өкүлү Оливер Штольпе менен жолугушту.

Прокуратурадан билдиришкендей, жолугушууда мындан аркы кызматташуунун негизги маселелери жана аймактагы укук тартибин бекемдөө жолдору талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар бир катар ишке ашырылган долбоорлор боюнча ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана укук тартибин камсыздоону жогорулатууга багытталган жаңы демилгелерди илгерилетүүдө БУУ БКБнын колдоосунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Башкы прокурор БУУ БКБнын көп жылдык өнөктөштүгү жана Кыргызстандын прокуратурасынын укуктук жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдөгү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коопсуздук жана укуктук тартиптин жалпы максаттарына жетүү үчүн кызматташууну улантуу жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөө зарыл экендигин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн