Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады

31.05.2023 13:08
286
Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартууга кайрадан макулдук сурады


Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн кайрадан макулдук сурады. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев билдирди.

Башкы прокурор депутатты жоопко тартууну Жогорку Кеңеште карап берүүнү сунуштаган.

"Регламент боюнча сунуш келгенден кийин парламент 48 сааттын ичинде карашы керек. Андыктан бул боюнча изилдөөчү комиссия түзүү маселесин кезексиз күн тартибине киргизели", — деди Шакиев.

Шакиев башкы прокурор Мадумаровду төмөнкүдөй кылмыштарды жасаганы үчүн жоопко тартууну сурап жатканын билдирди:

- Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси — Кылмышка даярдык көрүү;

- 326-берене — Бийликти күч менен басып алуу;

- 278-берененин 1-бөлүгү — Массалык башаламандыктар. Зомбулук, талкалоо, өрттөө, мүлктү жок кылуу, атуучу куралды, жарылуучу заттарды же жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу менен, же болбосо бийликтин өкүлүнө куралдуу каршылык көрсөтүү менен коштолуучу массалык башаламандыктарды уюштуруу;

- 338-берененин 3-бөлүгү — Бийликтен аша чабуу.

Кызмат адамы тарабынан же анын буйругу боюнча, анын айтканы же макулдугу менен ыйгарым укуктарынын чектеринен чыккан (ушул Кодекстин 137-беренесинде каралган кыйноолордон башка) же өмүр жана ден соолук үчүн коркунучтуу болбогон зомбулукту колдонуу менен, же мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен бириккен аракеттерди жасоо.

Ошондой эле төмөнкүдөй жосундарды жасаганы үчүн:

- куралды же атайын каражаттарды колдонуу менен;

- дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен;

- уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгы үчүн;

- оор залал келтирүү менен.
Белгилей кетсек, былтыр да март айында башкы прокурор Адахан Мадумаровду "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен айыптап, жоопко тартууну сунуштаган. Бирок депутаттык комиссия ага депутаттык комиссия макулдук берген эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн