Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткен ОИИБдин айрым бир бөлүмдөрүнө усулдук окутуулар өткөрүлдү

12.08.2022 09:45
333
Баткен ОИИБдин айрым бир бөлүмдөрүнө усулдук окутуулар өткөрүлдү



       Баткен ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын, эсктремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өздүк курамына укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибин окутулуп, үйрөтүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.

   

   Баткен облустук прокуратурасынын укуктук-статистикалык жана эсепке алуу бөлүмүнүн башчысы М. Жуманалиев, бөлүмдүн прокурору А.Касымовтор Кыргыз Республикасынын башкы прокуратура тарабынан жаңы кабыл алынган мыйзам актыларын, ошондой эле укук бузуулар боюнча материалдарды эсепке алуунун автоматташтырылган мамлекеттик тутумунун иштешинин бирдиктүү принциптери жана тартибин кызматкерлерге бир катар окутуп үйрөттү.

 

      Окутуп, үйрөтүүдө жарандар тарабынан катталган арыздар маалыматтардын электрондук журналына туура жана так катталуусу, бузуулардын бирдиктүү реестринин иш тартиби боюнча суроо-талкуулар болду.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн