Баткен олбусунун тургундары, тагыраак айтканда Баткен районунун чек ара аймактарында жашаган жарандар жана Лейлек районун эли президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Бул тууралуу Милан Садыкжан уулу өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу түз көрсөттү.
Алар өлкө башчысынан чек араны тейлеген органдардан, жергиликтүү бийлик органдарынан кыргыз-тажик чек арасындагы маселени тез арада чечип берүүнү талап кылышууда.
«Чек ара маселесине тез арада чечкиндүү кадамдарды жасаңыз. Кошуналар күндөн-күнгө жылып келе жатат. Чек араны тактаган органдарга туура кадрдык тандоо жасаңыз», — деди топтолгондор.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн