Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:39
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткен милициясы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды

02.06.2022 09:34
4228
Баткен милициясы кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды


 Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновтун демилгеси менен 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнү менен кылмышкерлердин колунан каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алынды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Баткен ОИИБнын жетекчилиги бул ирет кылмышкерлердин колунан каза болгон кызматкерлердин балдарынан кабар алды. 1-июнь күнү 2010-жылдын 27-октябрында кылмышкердин огунан 31 жашында каза болгон милициянын старшинасы Ысманов Кылычбек Илязовичтин Кызыл-Кыя шаарында жашаган жаш өспүрүм балдарынан, ошол эле кылмышкердин огунан 27 жашында каза болгон милициянын сержанты Бердалиев Гуламжан Абдумуталиповичтин Кадамжай районундагы Марказ айылында жашаган ата-энесинин карамагында турган 12 жашар уулунан, ошондой эле 2022-жылдын 27-мартында кылмышкердин колунан каза болгон милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиевдин Баткен шаарындагы үй-бүлөсүнөн кабар алып, алардын балдарын майрамдары менен куттуктады.


 Баткен ОИИБнын жетекчилиги алып барган шириндиктерди, белектерди берип, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, кең келечек каалап мындан ары да милиция кызматкерлери тарабынан кам көрүлүп, көмөктөшөрүн билдирди.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн