Теке 06, 2024
Убакыт: 17:16
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Баткен милициясы "Акыркы коңгуроого" карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

21.05.2021 14:09
1353
Баткен милициясы "Акыркы коңгуроого" карата түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Баткен ОИИБи боюнча жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери облустун аймагында  25-май күнү мектеп окуучуларынын ‘’Акыркы конгуроого’’ иш-чарасына карата түшүндүрүү иштерин улантууда.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Жол кырсыктарын,  оор кесепеттерди алып келген кырсыктарды алдын алуу боюнча Баткен облусунун аймагында маршруттук каттамдын айдоочуларына,  той-аштарга, кечелерге кортеж катары буюртма алып жүргүнчүлөрдү таашыган айдоочуларга,  аны менен бирге окуучуларга жана ата-энелерге, мектеп мугалимдерине ар кандай жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери алып барылууда. Муну менен эле чектелбестен маршруттук каттамдар текшерилип, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


     Түшүндүрүү учурунда маршруттук каттамдардын жана буюртма алып жүргүнчү ташыган айдоочуларга мектеп бүтүрүүчүлөрүнөн тарабынан буюртма албоолору сунушталып, эгерде алар тарабынан кандайдыр- бир мыйзам бузуулар катталса, мыйзам чегинде жаза чаралары көрүлөөрү эскертилди.

 Жол кыймылынын эрежелерин,  санитардык норманы сактоо боюнча, ашыкча жүргүнчү салбоо сунушуда берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн