Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:03
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткен облустук милициясы 3 айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды

20.04.2021 17:00
1172
Баткен облустук милициясы 3 айда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарды


Бүгүн Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштерин талкуулап 3 ай ичинде аткарган иштерине баа берилди. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 3 ай ичинде коомдук тартипти көзөмөлдөөдө, кылмыштуулуктун алдын алууда милиция кызматкерлери бир топ иш-чараларды уюштуруп, жер-жерлердеги коомдук иштерге активдүү катышты. Баткен облусунун аймагында өткөрүлгөн “Коопсуздук 2021” машыгуусунда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумда милиция кызматкерлери өз милдеттерин так аткарды.


Ыкчам кеңешмеде Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө облус аймагындагы ички иштер бөлүмдөрүнүн аткарган иштерин угуп, максаттуу иш-аракеттер жүргөндүгүн белгиледи. Бирок ошону менен катар бир катар район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине кетирген кемчилдиктери боюнча катуу тапшырмаларды койду. 

Жер-жерлердеги калк арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жандандыруу, диний агымдар боюнча мектептерде, жыйналыштарда туура так маалыматтарды жеткирүү, ошондой эле улуттар аралык ынтымакты бекемдөө максатында чоң иш-чараларды уюштуруу боюнча натыйжалуу тапшырмаларды берди.

Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов 3 ай ичинде кызматын так аткара албаган кызматкерлерге тартиптик жазаларды берип, “Биздин негизги милдет коомчулуктун милицияга болгон ишенимин жогорулатуу болуп саналат. Бул иш ар бир милиция кызматкери өз милдетин так, таза аткарганда гана ишке ашат” деп кызматкерлерди кыраакылыкка чакырып кетти.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн