Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:46
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Баткен облустук милициясына атайын байланыш каражаттары тапшырылды

08.04.2022 11:16
381
Баткен облустук милициясына атайын байланыш каражаттары тапшырылды

Баткен облустук милициясына атайын байланыш каражаттары тапшырылды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма cөз кызматы билдирди.


      Ички иштер министрлиги тарабынан милиция кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча аракеттер көрүлүп, анын ичинде автоунааларды, байланыш каражаттарын жана башка жабдууларды камтыган заманбап материалдык-техникалык жабдуулар менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы үчүн бөлүмдөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлин жана татаал шарттарда байланыштын жакшы сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берген заманбап 49 радиостанциялар менен камсыздалды.


Ошондой эле тармактын камтуу аймагын локалдык тармактарын кеңейтүүгө жана байланышты үзгүлтүксүздүгүн күчөтүүгө арналган эки радиоэлектрондук репитер жабдуулары менен камсыздалды. Ушул сыяктуу радиоэлектрондук шаймандар алыскы аймактарда колдонуу үчүн зарыл. Аталган байланыш каражаттары ЕККУнун “Ички иштер органдарын колдоо” программалык долборунун негизинде берилди.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн