Маатов Баймырза Турдакунович Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы билдирди.
Ал 1-мартта өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндөгү мекеме-уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өткөн жыйында тааныштырылды.
Бул кызматта Маатов Өкмөттүн Аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган Абдибакыт Халмурзаевдин ордуна келди.
Анвар Ысманов Баткен облусунун прокурорунун орун басары болуп дайындалды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн