Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 02:37
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Баткен облусунда бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды

28.02.2024 09:24
321
Баткен облусунда бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды


Кызыл-Кыя шаарында бир катар уурулуктарды жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, милицияга Кадамжай районунун айылдарында жашаган тогуз жаран кайрылып, алардын үйлөрүнө белгисиз адам кирип, уюлдук телефондорун жана баалуу буюмдарын уурдап кеткенин билдирген.


Бул фактылар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


Кылмышка шектүү катары Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылынын 21 жаштагы тургуну Ж.Э. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.


Анын Кызыл-Кыя шаарындагы караоке жайынан далил зат катары планшеттер, уюлдук телефондор жана сумкалар алынган.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн