Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кадамжай-автожол”, “Кызыл-Бел – автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларын текшерди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Вице-премьер-министр санитардык-контролдук пункттарды көрүп, чет өлкөлөрдөн келип жаткан мекендештерге медициналык кароо иш-чаралары кандай өтүп жатканын текшерди.
Ошондой эле, коопсуздукту камсыз кылуу керектигин белгилегеп, тармактык мекемелерге жана жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды бергени айтылат.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 19-мартынан тарта чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыю салынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн