Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:06
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Баткен облусунун айрым чек айылдарынын ара тургундарына мамлекеттик актылар акысыз берилет

05.04.2022 16:42
752
Баткен облусунун айрым чек айылдарынын ара тургундарына мамлекеттик актылар акысыз берилет


Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун айрым чек ара айылдарында укук күбөлөндүрүүчү документтерди жол-жоболоштуруу жана берүү, техникалык паспорттоштуруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды акысыз негизде мамлекеттик каттоо башталды. Бул тууралуу "Кадастр" мамлекеттик мекемеси басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин 2022-жылы 24-мартындагы 128-р буйругуна ылайык, бул Баткен облусунун чек ара аймактарынын жашоочуларына кыймылсыз мүлккө юридикалык документтерди тариздөөгө көмөк көрсөтүү үчүн жасалды.

Белгилей кетсек, "Кадастр" мамлекеттик мекемеси машиналарды жана жабдууларды сатып алууга, имараттарды жана курулмаларды учурдагы жана капиталдык оңдоого каралган каражаттарын оптималдаштыруунун эсебинен мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн