Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 05:11
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткен шаарында акыркы коңгуроого карата чоң жыйын өттү

23.05.2022 12:26
688
Баткен шаарында акыркы коңгуроого карата чоң жыйын өттү

Баткен шаарында акыркы коңгуроо майрамы боюнча чоң жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Баткен ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Жаныбек Канзамановтун демилгеси менен Баткен шаарынын мэриясында мектеп директорлор, социалдык коргоо бөлүмүнөн өкүлдөр, билим берүү тармагынан жетекчилери келип катышып, окуу жылынын аяктоосундагы мектеп окуучуларынын коопсуздугун талкуулашты. Ошондой эле мектеп бүтүрүүчүлөрү кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүсүнө, унааларда кортеж болуп сейилдөөгө, өз алдынча тоолорго экскурцияларды уюштурууга тыюу салынарын белгилешти. Жыйында мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө ата-энелерге да жүктөлөрү айтылды. 


Жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө жана кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө максатында Баткен шаардык милициясы майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. 


2022-жылдын 4 ай аралыгында жаш өспүрүмдөр катышкан 5 кылмыш катталып, бети ачылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн