Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 12:29
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткенде 100 миң сом уурдоого шектелген аял кармалды

02.08.2021 11:55
582
Баткенде 100 миң сом уурдоого шектелген аял кармалды

Кадамжай районунда 100 миң сом уурдоого шектүү адам кармалганын Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл аймагынын 36 жаштагы тургунунун жашаган турак үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, арыз менен кайрылган.


Бул арыз Кадамжай РИИБдин КЖБРне КРдин Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай РИИБдин экстремизм жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматы Ош облусуна караштуу Араван районунун 29 жаштагы М.К. аттуу тургунун аныктап, кармап келишкен.


Уурдалган акча өз ээсине кайтарылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн