Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 16:07:27
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Баткенде 11-майдан тарта 1400дөй ишкана ишин жандантты

15.05.2020 15:24
1189
Баткенде 11-майдан тарта 1400дөй ишкана ишин жандантты


Баткен облусунда 11-майдан тарта 1400дөй ишкана ишин жандантты. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов бүгүн, 15-майда брифингде билдирди.


Анын айтымында, Баткен облусунда 1-майдан тарта 1500, 11-майдан баштап 1400дөй ишканалар ишин жандантты.


11-майдан 4 тармак иштеп баштаган. Микрофинансылык уюмдардын 26 ишканасы. Күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү сантехника, монтаждоо, оңдоо, тазалоо, унаа жуучу жайлар боюнча 246 ишкана. Мындан сырткары курулуш материалдарын, унаа тетиктерин сатуучу 300гө жакын дүкөндөр жана 800 такси кызматы ишин баштады. Бул тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана жеке гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилди”, - деди Абдырахманов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн