Лейлек районунун Раззаков шаарынын 57 жаштагы тургуну өзүнүн короосуна токтотуп койгон базар баасы 5000сомдук волосипедин белгисиз адамдар тарабынан уурдалгандыгын билдирип арыз менен кайрылган. Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.
Бул арыз Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрө баштайт.
Коомдук тартипти сактоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу максатында патрулда жүргөн Баткен ОИИБнын кайгуул күзөт кызматынын кызматкери милициянын старшинасы Рустам Сафаров тарабынан Раззаков шаарынын 17 жаштагы жараны велосипедди бекитип койгон жеринен аныкталып кармалган.
Уурдалган велосипед өз ээсине кайтарылып, азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн