Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:46
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Баткенде 2200 килограммдай кара куурай өрттөлдү

12.08.2022 15:53
683
Баткенде 2200 килограммдай кара куурай өрттөлдү



Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат.Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Ушул иш-чаранын алкагында Баткен РИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары өздөрү тейлеген Баткен районунун айыл аймактарында Зарташ, Көк-Таш, Көк-Терек, Ак-Сай айылдарындагы ээн талааларда, кароосуз калган жерлерде, ошондой эле арык бойлорунда өскөн жапайы кара куурайды өрттөп жок кылышты.


  МАК-2022 аталышындагы иш-чаранын экинчи этабы август айларынын орто ченинде башталды. Жогорудагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте 2 бригадага бөлүнүп алып иш алып барышты.

Жалпысынан 9 гектар жер кароого алынып, 2200 кгдай жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн