Бугу 08, 2024
Убакыт: 03:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Баткенде 27-апрелден бери Сапаралиев Данияр дайынсыз болууда

03.05.2022 11:41
1768
Баткенде 27-апрелден бери Сапаралиев Данияр дайынсыз болууда



      2022-жылы 27-апрель күнү Баткен районунун Чек айылынын тургуну 20.11.1988-жылы туулган Сапаралиев Данияр Абдиманнапович 2022-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында өзү жашаган үйүнөн, өзүнө таандык болгон "Тико" үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 5627 К автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон жүргөн жери дайынсыз болууда. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сѳз кызматы билдирди.

 

   Бул факты боюнча Баткен РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүүдө.          

   

 Белгилери: бою 160-165см, кашы көзү кара түстө, дене түзүлүшү орто, акыл-эси соо. 

     Кийген кийимдери: асты-үстүндө кара түстөгү спорттук кийим, бутунда кара түстөгү бут кийим. 

 

   Эгерде кимдир бирөө сүрөттөгү кишини таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот.  

      Байланыш үчүн номерлер (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37.   


.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн