Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:22
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде 33 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип бир туугандар кармалды

22.10.2021 10:29
603
Баткенде 33 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектелип бир туугандар кармалды

Баткенде дайынсыз делип изделип жаткан адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 17-октябрь күнү саат 22:30дар чамасында Баткен районунун Бужум айылында жашаган 1988-жылы туулган Темирбаев Жигитали Муктарович өз үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кетип кайрылып келген жок деп бир тууган эжеси 19-октябрь күнү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылат.


Бул факты Баткен РИИБне дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, издөө иштери жүрө баштайт.


"Тажрыйбалуу криминалдык милиция кызматкерлери ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжасында Баткен шаарынан Бужум айылынын 31 жаштагы тургуну И.М. жана анын бир тууган иниси Бужум айылынын тургуну 28 жаштагы Ж.Н.ди шектүү катары аныктап кармашкан", - деп айтылат билдирүүдө.


Бул факты КР Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмунүн 3-пункту боюнча өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысына квалификациясы өзгөртүлүп, азыркы күндө тергөө иштери уланууда.


Бул иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.


Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, аталган жарандын сөөгү Бужум айылындагы турак үйлөрдүн биринин ажатканасынан табылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн