Бүгүн, 19-апрелде Баткенде эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында Баткен облустук кургак учук менен күрөшүү борборунан З.Р. аттуу 44 жаштагы жаран качып чыгып (мас абалында), Батырканов атындагы каналга өзүн таштагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Айтылган дарек боюнча Үчүнчү өзүнчө издөө куткаруу отрядынан 12 куткаруучу тартылып, сууга аккан жарандын жансыз денесин бир-туугандарына өткөрүп беришкен.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн