Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 15:12
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткенде 5 кочкорду уурдаган Ош облусунун тургундары мыйзамсыз ок-дарыларды сактап жүргөн

06.09.2021 16:10
941
Баткенде 5 кочкорду уурдаган Ош облусунун тургундары мыйзамсыз ок-дарыларды сактап жүргөн

2021-жылдын 28-август күнү Баткен районунун Рават айылынын 61 жаштагы тургуну үлүш жеринде турган 5 майда мүйүздүү малдарын (кочкорлорун) белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


     Бул арыз Баткен РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

 

   Баткен РИИБнин КМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, иликтөө иштеринин натыйжасында жоголгон кочкорлорду Ош облусунун Кара-Суу районунун 21 жаштагы Т.Н., Ош шаарынын 21 жаштагы К.А атту жаран жана 23 жаштагы И.М. аттуу жашоочулары ак түстөгү “Мерседец-Бенц’’ үлгүсүндөгү автоунаасы менен уурдап кеткендиги аныкталган. Шектүүлөр Баткен районунун аймагынан кармалып, унаасы Баткен РИИБнин короосуна киргизилген. 

 

   Жогорудагы көрсөтүлгөн өндүрүш ишинин алкагында Н.Т. аттуу жарандын уюлдук телефонунун ичиндеги сүрөттөрдө М.И. аттуу жаран кармап турган ок дары аныкталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы көрсөтүлгөн автоунаанын ичинен 1 (бир) даана 7,62,54R сандуу ок табылып, КЖБРге катталган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Баткен районунун сотунун токтомунун негизинде Ош шаарынын “Достук” кичи районунун үйүнө тинтүү жүргүзүү учурунда М.Инин үйүнөн 1даана 7.62 үлгүсүндөгү ок-дары табылган. Калганын М.Инин апасы идишке салып, Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүнүн чыгыш тарабынан “Яккон’’ дарыясынын боюна таштап койгондугу аныкталган. Ал жерде 47 (кырк жети) даана 7.62 үлгүсүндөгү ок-даарылар табылып алынган. Аталган факты Баткен РИИБнин КЖБРне катталды.23жаштагы И.М атту жаран Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген 

 Учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн