Баткен облус аймагында МАК-2022 иш-чарасынын экинчи этабы жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Кадамжай РИИБдин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жана милициянын участкалык уполномоченныйлары А.Масалиев айыл аймагынын өкүлдөрү менен бригадаларды түзүп, иш-чараларды улантууда.
Чогуу иш алып барган бригадалар А.Масалиев айыл аймагындагы жашаган жергиликтүү тургундардын бангилик кылмышына баруунун алдын алуу максатында жалпысынан 9,5 ГА жерди карап чыгып, болжол менен 5 тоннадай жапайы өскөн кара куурайлар өрттөлүп жок кылынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн