Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 08:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Баткенде 9,5 килограмм баңгизат менен тажик жараны кармалды (видео)

26.10.2021 17:20
705
Баткенде 9,5 килограмм баңгизат менен тажик жараны кармалды (видео)

Баткенде 9 кг 521 грамм баңгизат менен тажик жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө баңгизаттарды саткан чет элдик жаран кармалды.


Аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп, сатууну көздөгөн Тажикстандын З.З. аттуу жараны кармалган. Ага тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен таңгакталган 9 кг салмактагы өзгөчө жыты бар “гашиш” баңгизаты табылып алынган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат Ооганда өндүрүлгөн “гашиш” (чарс) баңгизаты болуп чыгып, анын жалпы салмагы 9 кг 521 граммды түзгөн.


Азыркы учурда З.З. аттуу жаран Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.


Белгилей кетсек, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы өлкө боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн