Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 02:58
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Баткенде Чек ара кызматы аскерлердин даярдыгын арттыруу боюнча кеңеш өткөрүүдө

14.10.2021 11:33
3981
Баткенде Чек ара кызматы аскерлердин даярдыгын арттыруу боюнча кеңеш өткөрүүдө


Баткен шаарындагы КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын базасында башкаруу органдарынын башчылары, УКМКнын Чек ара кызматынын облустар боюнча башкармалыктарынын башчылары, чек ара отряддарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен ыкчам жыйын өтүп жатат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, ыкчам жыйындын негизги максаты - мамлекеттик чек араны кайтарууну уюштурууда КР УКМК ЧКнын органдарын жана аскерлерин башкаруу боюнча офицерлердин кесипкөйлүк сапатын жакшыртуу болуп саналат.


Бул иш-чаранын башка жыйындардан өзгөчөлүгү - чек ара коопсуздугун камсыздоого иш жүзүндө көп көңүл бурулмакчы. Жыйындын жүрүшүндө башкаруу органдарынын жетекчилери облустук башкармалык башчылары, чек ара отряддарынын башчылары жана алардын орун басарлары менен биргеликте коюлган тапшырмаларды аткарууда жалпы ыкмаларды иштеп чыгышат. Ошону менен бирге Борбордук-Азия чөлкөмүндөгү, ошондой эле Ооганстандагы азыркы аскердик-саясий кырдаал, коркунучтардын жана чакырыктардын өзгөрүлгөн түрлөрү эске алынат”, - деп белгиледи УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун орун басары Нурлан Тыналиев.


Жыйындын катышуучулары 2021-жылдагы Борбордук Азия чөлкөмүндөгү ыкчам кырдаалды жана анын 2022-жылга карата өнүгүү тенденцияларын талкуулашат. Мындан тышкары, офицерлер мыйзамдардагы жаңылануулар, коррупциянын алдын-алуу жана аскер кызматкерлердин мыйзамсыз иш аракеттерге аралашуусу боюнча маселелерди да талкууга алышмакчы.


Жыйындын катышуучуларына инженердик камсыздоо боюнча көрсөтмө сабактар өткөрүлүп, ошону менен бирге оор жана жеңил брондолгон техникаларды башкаруу боюнча көрсөтмө сабактар уюштурулмакчы. Офицерлер ок атуу жана топтук куралдардын бардык түрлөрүн колдоно билүү боюнча өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтүшөт.


Ыкчам жыйындын жүрүшүндө жетектөөчү курам жана чек ара отряддарынын колбашчылыгы даярдыктын ар кандай түрлөрү боюнча көзөмөл сынактарын тапшырышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн