Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 17:40
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

24.04.2025 12:14
34
Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди


Бүгүн Баткен шаарында Чернобыль окуясынын 39 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы өтүп, каза болгондорго куран окулду. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Иш-чарага президенттин өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобыль окуясынын катышуучулары, каза болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.


Авариянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан жалпысынан 146 жаран катышып, бүгүнкү күндө облустун аймагында Чернобыль апаатынын 85 катышуучусу жашап жатат.


Эскерүүгө катышкан жетекчилер Чернобыль АЭСиндеги трагедиялуу окуя боюнча сөз сүйлөп, каза болгон жарандардын элеси түбөлүккө сакталып, арабыздагы катышуучулары ар тараптан колдоого алынаарын белгилешти. 


Соңунда Чернобыль апаатында курман болгондорго багышталып куран окулду.


Ошондой эле Чернобыль атомдук станциясында авариядагы жарылуунун кесепетин жоюудагы эрдиктери үчүн бир катар катышуучуларга сыйлыктар тапшырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн