Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 05:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Баткенде ИИМ кызматкерлери ортосунда волейбол боюнча республикалык мелдеш өтүүдө

17.08.2022 16:26
606
Баткенде ИИМ кызматкерлери ортосунда волейбол боюнча республикалык мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 17-августта Баткенде республикалык деңгээлде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында велойбол боюнча чемпионат башталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, иш-чара ИИМдин 2022-жылга карата спорттук-массалык иш-чаралар боюнча графигине ылайык өткөрүлүп, ал министр Улан Ниязбековдун буйругу менен милициянын кенже сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналды.


Ачылуу аземинде алгачкы сөздү Баткен ОИИБдин начальниги Мурат Боронов сөз сүйлөп, бул иш-чаранын Баткен жергесинде өтүп жаткандыгына ыраазычылык айтып, чогулган командаларга ийгиликтерди каалады.


Иш-чарага Талас, Нарын, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен ОИИБ, Бишкек жана Ош ШИИБдеринен, Ички аскерлеринин, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынан, Атайын багыттагы полкунан, Күзөт кызматынын өздүк курамынан түзүлгөн ИИОнун кызматкерлеринин командалары келишти. Кыздар командасынан 7, эркектер командасынан 12 команда, жалпы 19 команда күч сынашууда.


Бүгүн алгачкы беттешүүлөр башталды, 3 күнгө созулган мелдеш 19-августта жыйынтыкталат.


Белгилей кетсек, Улан Сарыбаев 2006-жылдын 12-майындагы Баткен облусунда куралдуу бандиттер менен болгон атышууда баатырларча курман болгон. Анын жаркын элеси кесиптештеринин жана өлкөнүн бардык милиция кызматкерлеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталып, анын жаркын элесине арналган спорттук иш-чара 2006-жылдан бери ИИМдин "Динамо" дене тарбия-спорт комплексинде жыл сайын өткөрүлүп келет.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн