Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 21:20
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Баткенде Ички аскерлер күнүнө спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө

23.05.2022 15:00
799
Баткенде Ички аскерлер күнүнө спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө

Баткенде Кыргыз Республикасынын Ички аскерлер күнүнө спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.  Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы кабарлады.


     25-май Кыргыз Республикасынын Ички аскерлеринин Баткен шаарындагы 707 бөлүгүнүн түзүлгөндүгүнө жана "Шер" отрядынын 20 жылдыгына карата 23-24-май күндөрү спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.

 

   Спорттук кичи футбол жана волейбол түрү уюштурулуп, ага Баткен шаарындагы күч түзүмдөрүнөн 8 команда катышты.

     Спорттук иш-чараны Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов ачып, кызматкерлерди келе жаткан майрамы менен куттуктап, "Спорт-ден соолуктун булагы. Ар бир кызматкер дени сак болсо гана жарандын укугун жана эркиндигин коргой алат. Ошондуктан ар бириңиздерге ийгилик каалайм" деп айтып өттү.

 

    23-май күнү спорттун волейбол түрү өткөрүлүп, 24-май күнгө кичи футбол уюштурулууда. Жеңген командаларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер коюлган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн