Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 11:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде Тажикстандын кол салуусунан зыян тарткан ар бир үй-бүлөгө 300 миң сом компенсация төлөнөт

24.11.2022 17:18
624
Баткенде Тажикстандын кол салуусунан зыян тарткан ар бир үй-бүлөгө 300 миң сом компенсация төлөнөт

2021-жылы Тажикстандын Баткен облусуна болгон агрессиясында жабыр тарткан үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан бериле турган бардык жардамдар берилип бүттү. Бул тууралуу Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, азыркы күндө Тажикстандын экинчи агрессиясынан жабыркаган социалдык объектилердин жана үйлөрдүн курулуш иштери жүрүп жатат.


"Биз Министрлер кабинетинин чечими менен Тажикстандын агрессиясынан жабыр тарткан ар бир үй-бүлөгө 300 миң сомдон компенсация төлөшүбүз керек. 

Азыркыга чейин 200 миң сомдон берип бүттүк. Калган 100 миң сомду үйлөр курулуп бүткөндөн кийин беребиз",- деди Баткен облусунун башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн