Бугу 19, 2024
Убакыт: 22:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде акыркы коңгуроо аземин милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө

09.06.2022 10:40
649
Баткенде акыркы коңгуроо аземин милиция кызматкерлеринин көзөмөлүндө


Бүгүн, 9-июнь күнү Баткен облусунун аймагында акыркы коңгуроо салтанаты орто мектептерде белгиленип жатат.


Коомдук тартипти камсыздоо, укук бузуулардын алдын алуу багытында облус аймагында жалпысынан 354 милиция кызматкери акыркы коңгуроо өтүп жаткан 229 орто мектептерде иш алып барууда.Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Алардын ичинен 59 жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери мектеп бүтүүчүлөрүнүн жол кырсыгын алдын алуу максатында кызмат өтөөдө.


Коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында Баткен ОИИБнан ар бир район-шаарларга жетекчилер бекитилип, бүтүрүүчүлөргө автоунааларда кортеж болуп чыгып айланганга, тоолорго чыгып эс алууга тыюу салынган чектөөлөрдү туура кабыл алуусун түшүндүрүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн