Баткенде опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча аскер кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан Коргоо министрлигинин Баткен гарнизонунда жайгашкан аскер бөлүктүн Н.А. аттуу контрактык аскер кызматкерине жана Э.у.Д. аттуу жаранга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин “Адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн жүрүшүндө алар Баткен районуна караштуу Жаңы-Жер айылында Т.Ж. аттуу жаранды жана ага таандык “Мерседес-Бенц” унаасын жүгү менен укук коргоо органдарына өткөрүп беребиз деп коркутуу жолу менен андан 100 миң сом алышкандыгы аныкталган.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн