Аяк оона 18, 2024
Убакыт: 14:24
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Баткенде аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер аныкталды

13.09.2024 17:01
219
Баткенде аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер аныкталды


Баткенде аткезчилик менен ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Күн мурун аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМК кызматкерлери Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Арка-2 айылында 1994-жылы туулган Т.А.Т. жана 1998-жылы туулган М.Ж.М. аттуу жергиликтүү жашоочулар башкарып бара жаткан "Volkswagen LT46" жана "Мерседес-бенц спринтер" үлгүсүндөгү автотранспорт каражаттары кармалган.

Жүк бөлүгүн кароо учурунда автотранспорт каражаттарынын биринен чектеш тараптан алынып келинген контрабандалык жүк: ампициллин жана цефтриаксон дары препараттары (145 куту, ар бир кутуда 16 таңгак, ар бир таңгакта 50 даана, болжолдуу суммасы 2 млн 200 миң сом) табылды.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн