Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Баткенде аткезчилик жол менен спирт ичимдигин ташыгандар кармалды (фото)

Баткенде аткезчилик жол менен спирт ичимдигин ташыгандар кармалды (фото)


18-декабрга караган түнү Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына спирт ичимдиктерин ташыган КР жарандары кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзамсыз ташып келүү КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан аткезчиликке каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган.

КР УКМК чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ “Хантер” үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаанын ичинде Кыргыз Республикасынын эки жараны А.С.А. жана Н.А.М. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирттик ичимдиктери бар 3 челек табылган.

Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литрдин 600 литр спирт ичимдиктерин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды.

Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн