Теке 28, 2025
Убакыт: 11:26
USD
87.20
87.70
EUR
102.00
103.00
RUB
1.085
1.125

Баткенде балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

17.02.2022 10:22
1047
Баткенде балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Баткен районунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов орто мектебинде балдар иштери менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери айылдагы ата-энелерге, мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

     Жыйындын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга жол бербөө, уруу-урууга бөлүнүп топтошуп мушташуунун алдын алуу жана кылмыштуулукту болтурбоо боюнча жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн беренелер боюнча түшүндүрүп беришти.

   

 Жыйналышка райондун күч органдары, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. 

     2022-жыл башынан бери бул айылда жаш өспүрүмдөр катышкан бир кылмыш катталып, бети ачылган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн