Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 18:49
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Баткенде бирөөнүн картасындагы 42 миң сомду чыгарып алган жаран аныкталды

27.03.2023 11:24
500
Баткенде бирөөнүн картасындагы 42 миң сомду чыгарып алган жаран аныкталды

Мурда соттолгон жаран Лейлектик жарандын пластикалык картадагы акчасын бузуу жолу менен которуп алган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


      Лейлек районунун Бешкент айыл аймагына караштуу Андархам айылынын 42 жаштагы тургуну М.Д. 2022-жылдын 3-ноябрында белгисиз жаран тарабынан өзүнүн банк картасынан 42800сом акчасын которуп алгандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

   

 Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмүнүн 6-пункту (Уурдоо, башкача айтканда маалымат тутумуна мыйзамсыз кирүү же болбосо телекоммуникация тармактары боюнча берилүүчү маалыматты өзгөртүү жолу менен бирөөнүн мүлкүн жашыруун уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

     Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Ош облусунун Алай районунун мурда эки жолу сот жообуна тартылган 23 жаштагы Ө.Ч. Алай районунан аныкталып, 25-март күнү кармалып келди. 


Учурда тергөө иштери уланууда.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн