Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Баткенде бирөөнүн унаасын уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

19.08.2022 17:07
565
Баткенде бирөөнүн унаасын уурдап, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Издөөдө жүргөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну кармалды. Бул туурасында Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.


     Белгилүү болгондой,   Кызыл-Кыя шаарынын 40 жаштагы М.К. аттуу тургуну өзүнүн “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адам айдап качкандыгын билдирип арыз менен кайрылган.

 

      Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

     

 Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну экендиги белгилүү болуп, издөө иши ачылган.

     

  Кызыл-Кыя ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары өткөрүлүп, “Авторозыск” иш-чарасынын негизинде, Кызыл-Кыя шаар аймагынан 2022-жылдын 18-август күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 26 жаштагы Р.Ж. аттуу тургуну аныкталып, кармалды.

   

    Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип тергөө иштери жүрүп жатат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн