Бугу 08, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Баткенде чек ара айылдарда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

28.04.2022 11:24
684
Баткенде чек ара айылдарда милициянын көчмө кабылдамасы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Милициянын көчмө кабылдамасы Лейлектеги чек ара аймактарында иш алып барууда. Бул тууралуу  Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


Лейлек район борборунан 85 км алыстыкта жайгашкан Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка 2, Достук, Жаштык, Борбордук айылдарынын тургундары менен милиция кызматкерлери элге сервистик тейлөө көрсөтүү максатында милициянын көчмө кабылдамасы менен жолугушууларды өткөрүүдө.


Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери жергиликтүү тургундарга коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөө, айрыкча чек ара аймактарында жашаган тургундардын мал-жандыктарын талаада кароосуз калтырбоо жагы эскертилди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин ысырапкерчиликке бөгөт коюу Жарлыгын бир катар түшүндүрүп өтүштү.

Жолугушуу учурунда ар кандай социалдык маселелер көтөрүлүп, жеринде чечилди.


Чек ара аймактарында жашаган элдин коопсуздугун сактоо максатында Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Тажик Республикасынын Хистеварс айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте кайгуулдарды уюштуруп, күнү-түнү кызмат өтөп жаткандыгын, элди дүрбөлөңгө салган маалыматтарды тактоо боюнча түшүндүрүүдө. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн