Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 06:58
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Баткенде дайынсыз жоголду делген кичинекей балдар табылды

14.07.2021 18:37
886
Баткенде дайынсыз жоголду делген кичинекей балдар табылды

Вотсап группаларда "эки жаш өспүрүм жоголуп кетти" деген аудиолор (балдардын сүрөттөрү менен) таркап жүргөн балдар бүгүн 14-июль күнү табылган.


     2021-жылдын 13-июлы күнү 11.00 чамаларында Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Өрүкзар айылынын тургундары 19.09.2009-жылы туулган Курваналиев Усманали жана 31.08.2010-жылы туулган Рахманбеков Яхябек өзүдөрү жашаган үйүнөн белгисиз тарапка чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон.


     Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне катталып.Кадамжай РИИБнин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бүгүн 14-июлы күнү Баткен районуна караштуу Кара-Бак айылыдан көчөдө жүргөн жеринен аныкталып кармалып ата- энелерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


     Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

    

     Урматтуу АТА-ЭНЕЛЕР жана балдарды камкордукка алган мыйзамдуу өкүлдөр! Жайкы каникул убагында кол астыңыздардагы балдарга көзөмөл кылып, кароосуз калтырбаңыздар! 


     Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 61-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөткөн ата-энелердин же аларды алмаштырган адамдардын балдарды тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы, ал 16дан 18жашка чейинки курактагы жашы жете электер тарабынан Бузуулар кодексинде жоопкерчилиги каралган бузуулардын белгисин камтыган жосундарды жасоосуна алып келиши 1-категориядагы айып пул салууга алып келет.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн