Учтун айы 11, 2025
Убакыт: 12:25
USD
87.10
87.60
EUR
89.20
90.20
RUB
0.850
0.880

Баткенде эки күндө 1,9 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды

11.01.2025 09:20
31
Баткенде эки күндө 1,9 млн сомдук аткезчилик жүк аныкталды


Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар эки күндүн аралыгында баасы болжол менен 1 млн 900 миң сомду түзгөн аткезчилик жүктү кармады. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-январда Лейлек районунун Курук-Сай жергесинде чек ара кезмети Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна майдаланган тоок этин жана болжол менен 300 кг түзгөн куйрук майын алып өтүүгө аракет кылган. Кыргыз жаранында жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ал эми бүгүн Достук-Мурас автожолунун тилкесинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары милиция кызматкерлери менен биргеликте Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунааны токтоткондо Тажикстандан Кыргызстанга алынып келинген аткезчилик жүктү кармашкан. Кыргызстандык айдоочу болжолдуу баасы 1 млн 500 миң сомду түзгөн сегиз куту электрондук тамекини документи жок алып кирген.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, протоколдор түзүлгөн соң кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр тийиштүү органдардын кызматкерлерине андан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн