Тогуздун айы 05, 2024
Убакыт: 12:32
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Баткенде элдик кошуундун мүчөлөрү милицияга чакырылды

27.07.2021 08:52
953
Баткенде элдик кошуундун мүчөлөрү милицияга чакырылды

Баткен облусунда өздөрүн элдик кошуун деп атап, жүзүм, алма алып келе жаткан айдоочуларды зыянга учураткан топ суракка чакыртылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


"Баткен районунун Ак-Татыр айылында Ош-Исфана жолунда элдик кошуундардан түзүлгөн топ 21-июль күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Исфана багытын көздөй бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унаа токтобой кеткенде артынан Ауди унаасы менен Ак-Татыр айылынын 4 тургуну кууп барып унааны токтотушкан. Унаада Бишкектеги "Дордой" базарынан Лейлек районуна алып бара жаткан кийим-кечелер болгон. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Ошондой эле Лейлек районунун Арка-2 айылынын 32 жаштагы К.А. аттуу тургуну 24-июль күнү өзүнүн Mercedes-Benz Sprinter унаасына 600 килограмм жүзүм, 600 килограмм алма жүктөп, Бишкек шаарына бара жатканда элдик кошуундар унааны токтотуп, жемиштер Тажик Республикасынан аткезчилик жол менен бара жатат деп айдоочуну сабап, жүзүмдү дарыяга агызып жиберишкен. Бул факты дагы каттоого алынып, териштирүү башталган. Ушундай эле факты 24-июлдан 25-июлга караган түнү Ош-Исфана жолунда элдик кошуундар 35 жаштагы айдоочуну токтотуп, унаанын ичиндеги 2 жарым тонна жүзүмүн "аткезчилик жол менен алып келе жатасың" деп Хёндай-Портер үлгүсүндөгү 2 унаага жүктөп, жүзүмдөрдү жок кылып салышкан. Бул факты дагы каттоого алынып, Ак-Татыр айылынын 6 тургуну Баткен РИИБине суракка чакыртылган", - деп жазылат маалыматта.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн