Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 09:10
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Баткенде карылар күнүнө карата милициянын ардактуу ардагерлери сыйланды

30.09.2021 13:43
2676
Баткенде карылар күнүнө карата милициянын ардактуу ардагерлери сыйланды

Баткен ОИИБнын ардактуу эс алуудагы ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу   Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.


 Баткен облусунун аймагында КР ИИОдо үзүрлүү иштеп, ардактуу эс алууга кеткен ардагерлерди Баткен ОИИБнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Ниймат Арапов 1-октябрь эл аралык карылар куну менен куттуктады.Аталган иш-чаранын журушундо ардактуу эс алуудагы ардагерлердин, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоодо орду чон экендиги айтылып, алардын кызматы, эмгеги бааланып ИИМдин төш белгилери тапшырылды.


Милициядан ардактуу эс алууга чыккандардын чинине, кызмат даражасына карабай баары тең укукта ИИМдин ардактуу ардагерлеринин катарын толуктайт жана аларга бирдей камкордук болууга тийиш. Ошондуктан Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Мурат Бороновтун тапшырмасы менен Баткен ОИИБнын медициналык кызматы тарабынан, облус аймагындагы ардагерлердин ден соолуктарына кам коруу менен муктаж болгондоруна керектүү дары-дармектер камсыздалды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн