Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 21:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Баткенде кармалган фуралардын ичинде эмне болгонун милиция көрсөттү (фото)

12.05.2021 12:58
2570
Баткенде кармалган фуралардын ичинде эмне болгонун милиция көрсөттү (фото)

Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.


ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.


Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Автоунааларды ички иштер органынын кызматкерлери коштоп бара жаткан.


Милиционерлер фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Тажик жарандарынын коопсуздугу үчүн коштоп баруу чечими кабыл алынганы айтылган. Бул жүк ташыган унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылары белгиленди.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ортош керек
Ортоо керек сабак болсун кыргыз ким екенин билишсин