Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 15:25
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн айдоочу тажик чек арачылары тарабынан кармалды

11.05.2022 11:57
1072
Баткенде кыргыз-тажик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн айдоочу тажик чек арачылары тарабынан кармалды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү учурунда Тажикстан Республикасынын УКМК кызматкерлери тарабынан КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

   

2022-жылдын 30-апрелинде Тажикстан Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматкерлери тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Тажикстан Республикасынын (ТР) Согди облусунун Исфара районундагы Ходжа-Ало айылында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча “камаз” оор жүк ташуучу унаа кармалган.


     Маалым болгондой, жогорудагы унаанын айдоочусу Кыргыз Республикасынын жараны, К.А.А. аттуу Баткен районунун тургуну экени аныкталган, ал Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдө кармалган учурда Тажикстан Республикасынын аскер кызматчыларынан жашырынып Кыргыз Республикасына мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп кеткен.

   

 Жогорудагы факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча кылмыш иши козголуп, автоунаа да Тажикстан Республикасынын Чек ара кызматкерлеринен кабыл алып өткөрүп берүү актысы менен Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүлүп берилген жана “Орто-Боз” чек ара заставасына кылмыш иши тергелип бүткөнгө чейин кармалды.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн